16.05.2022
130

Турсунга, кызым Аселге
Жазым келип жаркырап,
Жакшылыгын жаратсын.
Ар кырсыктан алыс бол
Апакеси Канаттын.
Аздырбасын көңүлүң,
Алдыда өмүр белеси.
Ийгиликтен кур болбо
Ильястын энеси!
Жаздай болуп таалайы,
Жасалгалап асемин.
Ачык болуп асманы
Аман жүрсүн Аселим.
Кызыр кирсин үйүңө,
Бири болуп жетөөнүн.
Майрамыңар кут болсун
Асель кызым экөөңүн!
кыз Асел замирбек иманалиев қырғыз өлеңдері қырғызша өлең кыргызча ырлар замирбек иманалиев ырлары Турсун