16.05.2022
  125


Автор: Замирбек Иманалиев

Дүкүлдөп ургуланба, макоо жүрөк...

Дүкүлдөп ургуланба, макоо жүрөк,
Баарыбыз алданганбыз бактыбыздан.
Думана болгону эле кайыр тилейт
Дүкүлдөп ургуланба, макоо жүрөк.
Төбөдөн айдын нуру кереметтүү,
Төгүлөт дарактарга сапырылып
Лала шалбарына эңкейсе ылдый
Мен анын чүмбөтүнө жашырынып...
Дүкүлдөп ургуланба, макоо жүрөк.
Кай бирде биз болобуз жаш баладай,
Бир күлүп, бир ыйлайбыз, умсунуу бар.
Туш кылган бу жалганда энчибизге
Кубаныч же кайгысы, кырсыгы бар.
Дүкүлдөп ургуланба, макоо жүрөк.
Мен өзүм көптү көрдүм сапарымда,
Издедим бак-таалайды бардык жайдан.
Издебейм эми кайра ал тагдырды


Алдыман мага буйруп кабылбаган.
Дүкүлдөп ургуланба, макоо жүрөк.
Жашоо бизди анчейин алдабаптыр,
Кудурет жый, келчүдөй бир эсиңе.
Жүрөгүм, көз ирмемге уктап алчы
Сүйөнүп сүйгөнүмдүн тизесине.
Дүкүлдөп ургуланба, макоо жүрөк.
А балким сактап калар аккан селден,
Жазымыш энин салып түрүбүзгө.
Булбулдун ыры аркылуу жооп кылар,-
Арналган экөөбүздүн сүйүүбүзгө.
Дүкүлдөп ургуланба, макоо жүрөк.





Пікір жазу