16.05.2022
  99


Автор: Замирбек Иманалиев

Көгүш мейкин Фирдусинин мекени...

Көгүш мейкин Фирдусинин мекени,
Унутпайсың, чыгарбайсың эсиңден:
Көздөрү бар карапайым, санаачыл,
Шайыр мүнөз орусуңду кечеги.
Көгүш мейкин Фирдусинин мекени.
Сен Персия, көзгө сүйкүм, жакшысың,
Кызыл гүлдөр жайнайт, күйөт чырактай.
Мага айтышар алыскы жер тууралуу
Кайра баштан даңазалап, ызаттай.
Сен Персия көзгө сүйкүм, жакшысың.
Акыркы ирет искейм атыр жытынан,
Аймалатып салкын желге жүзүмдү.
Айрылышар кыйын учур, саатта
Асылкечим, Шагам сага кош айтып
Акыркы ирет угам сенин үнүңдү.
Кантип сени калмак элем унутуп...
Менин жолбун тагдырыма жолуккан -
Жакынгабы, же болбосо жаткабы,
Сен жөнүндө айтып сөзүң толуктайм.
Сени унутпай, эстеп өтөм түбөлүк.
Сенин шоруң мени деле чочутпайт...
Сарсаналуу кабагыңа тунарган,
Ыр калтырам алыскы Орус тууралуу.
Ырдап калсаң мени эстеп жүрөр дейм.
Ошол ырдан үн кайтарам өзүңө.





Пікір жазу