16.05.2022
  105


Автор: Замирбек Иманалиев

Аба тунук, жүрөт салкын сыдырым...

Аба тунук, жүрөт салкын сыдырым,
Аралаймын гүлзар, чөптүн арасын.
Көк көгүлтүр, сапар алган жолоочум
Арылаба чөлгө жатпай каласың.
Аба тунук, жүрөт салкын сыдырым.
Чөп арала, жүргөн өңдүү бакчада,
Бакчасында жапайы өскөн гүлдөрдүн
Кете албайсың жыттуу гүлгө ыктабай
Мейлиң ага астырт карап, жүз бөлгүн
Чөп арала, жүргөн өңдүү бакчада.
Шырылдакты, шуудуракты, шыбышты,
Назик, жумшак Саади ырындай угасың,
Алтын Айдын татынакай сөөлөтүн
Көтөрүлгөн маанайыңда туясың.
Назик, жумшак Саади ырындай угасың.
Акырын, жай үнү угулат перинин,
Гасан тарткан най үнүнө тең катар,
Тулку бойдо кучакка ыктап кысылган
Жыйрылуу жок, чочулоо жок, бейкапар.
Гасан тарткан най добушу кусалуу.
Кере жутам ооз кургайт, тил кургайт,
Шамал жүрөт жыты жыпар туюлган.
Бул да болсо жазымышта бар өңдүү
Жолдон чарчап кайткандарга буюрган.
Шамал жүрөт жыты жыпар туюлган.





Пікір жазу