16.05.2022
  90


Автор: Замирбек Иманалиев

Иңир кирет саргыч күрөң аймакта....

Иңир кирет саргыч күрөң аймакта,
Кызыл гүлдөр талаа, түздө жайкалат.
Хаям ырдап өткөн дешет ал ырды
Асылкечим ырда мага кайталап.
Кызыл гүлдөр талаа, түздө жайкалат.
Көктө жылдыз - көпөлөктүн уюгу,
Шираз жанат, айдын нуру төгүлөт.
Чүмбөттөгөн зайыптарын, кыздарын
Перстер мага жакпачудай сезилет.
Шираз жанат, айдын нуру төгүлөт.
Жылуулугун алышканбы суунтуп,
Катат неге тулку боюн тумчулап?
А ким билет, тотукпаган жүздөргө
Сүйүү керек, мокок эмес, курчураак.
Катат неге тулку боюн тумчулап?
Сен кымбаттуум, чүмбөтүңдү сыйыргын,
Эсиңе тут, кыскача ушул насыят:
Кыска өмүрдүн бактысы да өтө аз -
Маашыр кылар ырахатка татыбас.
Эсиңе тут, кыскача ушул насыят.
Жаралсаң да жазымышта өңүң серт,
Анда деле жанат сенин жыргалың.
Татынакай алкымыңды жабуулап
Дүйнө алдында бекер күнөө кылбагын.
Тартуу кылган аны сага табият.
Кызыл гүлдөр талаа, түздөн жай табат,
Бөтөн өлкө түшү өңдөнөт жүрөктүн.
Хаям ырдап бере албаган ырды өзүм
Ырдайм сага көңүлүңө түнөткүн.
Кызыл гүлдөр талаа, түздө жайкалат.





Пікір жазу