16.05.2022
  100


Автор: Замирбек Иманалиев

Байыркылар байыр алган жерди көргөндө

Ушул жерде кимдер жашап өтпөгөн,
Ушул жерден кимдер кайда көчпөгөн.
Учу үзүлүп унутулуп калышкан
Ушул жерде элдер жашап көптөгөн.
Улут канча, урук канча дайынсыз?-
Ушул жерден ушул күнгө жетпеген.
Кимдер келип, кимдер эмне кылбаган,
Кимдер кетип, кимдер эмне курбаган...
Калк жашаган хандар өткөн дүйнөдөн
Калаа куруп капшыты бек, сынбаган.
Көр оокаттын камын ойлоп күнү-түн
Жандар өткөн кумурскача тынбаган.
Кайышса да кара жанын кыя албай
Кайырчы өткөн кабак салып сыздаган.
Казал кылып кайгы менен көз жашын
Акын өткөн таңдан кечке ырдаган.
Кошок айтып кошулгандан айрылса
Катын өткөн кара кийип ыйлаган.
Коогасы жок, кырсыгы жок, бош келген
Күндөр өткөн түн уйкуну бузбаган.
Күйүт коштоп күн да келген акыры
Күл сапырып, казан сынып тулгадан.
Калаймандуу заман өткөн кан жыттап
Кырсыгына кылым түтпөй кыйраган
Күндөр келген иреңи серт, муздаган,
Күндөр келген көкүрөктү муңдаган...
Кара тумоо каптап кара булуттай
Кабылганы кайра өйдө турбаган.
Калган эмес каргашалуу ал заман
Кайтпас жакка мезгил аны айдаган.
Кулап түшкөн кургуюна ал заман
Кууп жүрүп мезгил өзү жайлаган
Жай жашоонун доору жүргөн кайрадан,
Жылдыз жанып асманында сандаган...
Мээрин төгүп келген бейпил заманды
Мертиндирип мезгил кайра жалмаган.
Түмөн заман түбөлүктүү түпкүргө
Түшүп кетип чыккан эмес кайрадан.
Түмөн элдер түгөл көчүп дүйнөдөн
Түнөгүндө дарек-дайны калбаган.
Кеткен кетип, кезек келип башкага
Келбес жактан эч ким кабар албаган.
Агат дүйнө, агат баары токтобой
Агым болбойт көз ирмемге жайлаган.
Айды көрүп, күндү көрүп кетмей бар
Агып келип соолбогон дайрадан
Эзелкини элестете албайсың
Эшитсең да эски “сары барактан”.
Элди бөлүп “эски” менен “жаңыга”
Эсеп кылып өткөрүү бар санактан.
Эски көчтү - эчен “кыя”, “бел” ашкан
Эски дейбиз, эскилиги каяктан?
Элүү кылым эптеп башын көтөрөт
Эңшерилип доор көчкөн тараптан.
Чындап келсе эски дагы боло албайт
Беш жолу өскөн картаң эмен-дарактан.
Агымы жок багытынан адашкан,-
Аккан дүйнө агат кайда, каяктан?
Аяк-башы кайда экени дайынсыз
Аны билет жалгыз өзү - Жараткан!





Пікір жазу