16.05.2022
  96


Автор: Замирбек Иманалиев

Дүйнөтааным

Болгондоруң болот дайым, качандыр,
Болгонундай болуп берет, үзүлбөйт.
Болбогонуң болгон эмес, болбойт ал
Болбогондон мезгил артка жүгүрбөйт.
Башталыш жок, улануу бар бүтпөгөн.
Табылуу бар тааныш эмес жайдан да.
Түгөнүү жок, түркүгү бек Дүйнө бар
Жаралуу бар жалгашпаган жалганга.
Ошол Дүйнө сырын ачпас пендеге,-
Болуп келген, болот дайым эгедер.
Аалам көчүп ал тарапка, дайынсыз
Чөгөт баары, чөккөн өңдүү кемелер.
Ошол Дүйнө болгон үчүн дайыма,
Азыркыңдай сен да болуп келгенсиң.
Жаркыраган жарык күндүн шооласын
Жерге түшүп далай ирет көргөнсүң.
Кетер жагың ойго салса түйшөлтүп,
Эске түшүр келгениңди каяктан...
Агып кетип, агып кайра келесиң
Кийинки бар мурункудан адашсаң.
Жалган сезип көз көргөндүн баарысын,
Жоголот деш болор терең жаңылуу.
Түрдөн түргө өтүп турмай, кубулмай
Жүрүп турат тынымы жок жаңыруу.
Азыр болгон болуп келген дайыма,
Жоголбогон мурун, кийин - соңунда
Сени тозуп, сени узаткан кең аалам
Турар далай сенин көзүң жогуңда.
Туруп далай сан жылдыздын мекени,
Ал да бир кез убакытка багынат.
Түгөл баары түшүп чыгат Түпкүргө
Түр алмашып келет кайра табият.
Жоголуу жок түркүгү бек Дүйнөдөн,
Табылуу бар, эскиргенди жаңылап.
Акыл-ойду адаштырган кубулуш
Ачпай сырын кете берет арылап.
Сырдуу дүйнө, табышмактуу улуу күч,
Бар экенден Жаратканды сезебиз.
Улуу Теңир, түбөлүктүү Кан Жолго
Тизе бүгүп таазим этип келебиз.
Айта албайсың эмнелер бар артында,
Ажал коштоп, жетелеген Өлүмдүн
Аккан дүйнө кереметин туюнтаар
Кудурети жетпей келет Сөзүңдүн.
Кудурети жетер болсо Сөзүңдүн.
Акыйкатың, Жалгандыкка баш урмак.
Түркүк түшүп, түгөл кыйрап баарысы
Мезгил токтоп Барды Жокко жашырмак.
Антсе дагы Теңир Эркин сездирген,
Аян бардай жүрөктөргө түз өтөр.
Ишеним бар шооласындай жарыктын
Бар чындыкты көкүрөккө түнөтөр.
Бул өмүрүң түш өңдөнүп бир көргөн,
Эстен чыгар кайталанган жашоодо.
Бир көз ирмем элес жүрөр тартылып
Кайырчудай качанкы бир жашоого.
Ошол элес аян берип Түпкүрдөн,
Турат дайым кем дүйнөнү толуктап.
Өлбөстүк бар, өкүнтөөрү бир гана
Өткөн учур өзгөрүүсүз жолукпайт.
Сыр даарыган даанышмандык касиет,
Ким бирөөнүн тагдырына буюрган...
Жарык шоола, нурга дилин ширетип
Кереметтен кереметти туюнган...
Өткөн далай акылмандар көзү ачык,
Айтып Сөздүн жалган, чынын, ырасын.
Караан үзүп, кайып болуп кетишкен
Калтырышып улуу ойдун мурасын.
Эс-акылга тыным бербес саякат,
Замандарга жайып кетер кулачын.
Көмүскө Сыр, табышмактуу Дүйнөгө
Жакындасаң улам алыс турасың!





Пікір жазу