16.05.2022
96
Караба көзүң менен таң калыштуу
Иничек, кичинекей иничегим,
Караба көзүң менен таң калыштуу.
Сүйүүсү сен кызыккан кыз-жигиттин
Соолбос тирүүлүккө байланыштуу.
Чубалып жылдар жылса кербенделген,
Турбайсың бала бойдон эрбеңдеген.
Алдыда күтүп турат садагасы
Күндөрүң гүл көтөрүп дегдеңдеген.
Сен дагы байкелериң сүйүп өткөн -
Кечтерге жолугасың кызылы көп.
Жер-Энең көтөрүүдөн талыбаса
Уйкусуз түндөр өтөт кызыгы көп.
Иничек, кичинекей иничегим,
Караба көзүң менен таң калыштуу.
Сүйүүсү сен кызыккан кыз-жигиттин
Соолбос тирүүлүккө байланыштуу.
калыштуу көз замирбек иманалиев қырғыз өлеңдері қырғызша өлеңдер кыргызча ырлар замирбек иманалиев ырлары