16.05.2022
91
![](/uploads/shorttexts/author_image/804281-621572da187e3b9b89a07c717a33d318-250.jpg)
Кел ичели
Өмүр көчөт жүгүн артып ай, жылга,
Өйдө төмөн өтөөр турмуш-азгырма.
Көкүрөктөн көп санааны кубалап
Көз ирмемге кең дүйнөнү тар кылба
Кел ичели бөксө өмүрдү толтуруп
Кездешүү аз биздин мерез тагдырда.
Өр таянып биз жетебиз кай кырга?...
Өтүп кетер маалы болот жаздын да.
Күлүш үчүн, сүйүш үчүн ичебиз
Күнөө эмес жараткандын алдында.
Келген кумар кетсе кайра табылбайт
Кел ичели, бу жыргалдан айрылба.
Өксүтпөгүн жанды сыйла, кор кылба,
Өз кумарын өзүнө ыйгар, жазгырба.
Түрүн бузса түбү тешик бу дүйнө
Түгөл кылбайт төрт тарабын хандын да.
Куруп кетсин бул жашоонун түйшүгү
Куюлганды көтөр досум, ал, жырга!
Кел ичели ичүү замирбек иманалиев қырғыз өлеңдері қырғызша өлеңдер кыргызча ырлар замирбек иманалиев ырлары