16.05.2022
92
![](/uploads/shorttexts/author_image/804281-621572da187e3b9b89a07c717a33d318-250.jpg)
Жашоо кызық силер менен
Термелеп турасыңар
Бешик сыңар жүрөгүмдө.
Келчү күндүн көшөгөсүн
Ачасыңар эртелетип,
Келечекти колуңарга
Аласыңар эркелетип.
Жокту бар кыласыңар,
Жашоомдо издегенди
Ойнотуп турасыңар
Маңдайымда.
Мүнөз күтөм: жашып алма
Эргүүдөн силер берген
Дүйнөмө силер кербен
Чубалып түмөндөгөн.
Дүйнөмө силер мерген
Дүрмөтү түгөнбөгөн...
Мени дайым
Жүгөнсүз жүгөндөгөн.
Ой-кыял чабыттаган,
Жашоо кызык,
Жашоо ысык
Силер менен.
Жашоо Кызык замирбек иманалиев ырлары кыргызча ырлар қырғызша өлеңдер қырғыз өлеңдері замирбек иманалиев