16.05.2022
  125


Автор: Замирбек Иманалиев

Кылымдын жүгүн артып...

Кылымдын жүгүн артып,
Күргүштөп күн көчүүдө.
Секунддун кымбаттыгын
Сезүүнү милдетим дейм.
Ай эмес жыл кубалап,
Өзүмө жанаштырам.
Мезгилди өтөм буйтап,
Мезгилди адаштырам.
Утамын кыйындыкты,
Унутуп убарасын.
Алдыга тез кетүүнүн
Аламын убадасын





Пікір жазу